30 декабрь 2023

Кароолор: 310

Ат-Башы - Ача-Кайыңды көпүрөсүнө капиталдык ремонт жүргүзүлүүдө

Учурда Ат-Башы районундагы 10 айылды райондун борбору менен байланыштырган Ат-Башы – Ача-Кайыңды көпүрөсү капиталдык ремонттон өтүп жатат.

Бүгүн, 30-декабрда Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов көпүрөнүн курулуш ишин жеринде көрүп, курулушчуларга январь айынын 15ине чейин бүткөрүп берүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, аталган көпүрө 2004-жылы курулган. Көпүрөнүн узундугу 189, туурасы 4,75 метр. Көпүрө тар болгондуктан 2 унаа катары менен өтө алчу эмес. Ошондуктан мамлекеттик бюджеттен 12 миллион 857 миң сомго ремонттолуп, туурасы 2 метрге кеңейтилип жатат.

Курулуш иши 2023-жылдын 15-октябрында башталган. Курулушту “Кыргызавтожол” Мамлекеттик ишканасына караштуу №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө.

Адистердин айтымында көпүрө -30 градус аба ырайында тоңбогон заманбап курулуш материалдары менен жасалып жатат. Ошондуктан кышында жасалды деп сапатынан кооптонууга негиз жок.