27 март 2025

Кароолор: 10

АТ-БАШЫ РАЙОНУНДА КАТУУ ШАМАЛ КАТТАЛДЫ

 

2025-жылдын 27-мартында, саат 08:00 чамаларында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Ат-Башы районуна караштуу аймагында катуу шамал катталган.

Алдын ала маалымат боюнча шамал Торугарт өткөрүү пунктуна караштуу имараттын чатырын учурган.

Мындан сырткары унаа жолдун 479-527-528-530-чакырымындагы токтоп турган 5 оор жүк ташуучу унаа оодарылып, жыгылып калган.

Ат-Башы районунун калктуу конуштарында дагы катуу шамал катталып (гидрометтин маалыматына ылайык ылдамдыгы 22 м/с), Кара-Суу, Калинин, Дыйкан айылдарындагы кампалардын, чарбалык курулуштардын, сарайлардын чатырларын учуруп кеткендиги, Терек-Суу айылында 2 турак үйдүн чатырын толук учуруп кеткендиги, Кара-Суу айылында 2 турак үйдүн чатырына, Ак-Жар айылында 1 турак үйдүн чатырына зыян келтирилгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген учур катталган жок.

Жерине Ат-Башы райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, шамалдын кесепетинен түзүлгөн кырдаал боюнча иш алып барышууда. Мындан тышкары ӨКМдин облустук, чегара кызматынын, облустук ички иштер башкармалыгынын жана тийиштүү кызматтардын ыкчам тобу иш алып барууда.

Кошумча маалымат берилет.