10 май 2024

Кароолор: 442

Ат-Башы районунда катуу шамалдан 5 адам жабыркап, имараттар зыянга учурады

Бүгүн, 10-майда Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда секундуна 12-24 метрге жеткен катуу шамал болду.

Анын кесепетинен Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын, Ат-Башы айылындагы 2 кабаттуу турак үйдүн, Кара-Суу айылындагы мектептин жылытуучу отканасынын, Кара-Суу айылындагы 1 турак үйдүн, Дыйкан айылында 2 турак үйдүн, Калинин айылындагы мектептин спорт залынын, Май-Булак тилкесиндеги 1 мечиттин жана 3 турак үйдүн чатырчалары зыянга учурады.

Мындан сырткары Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында 2 кичинекей бала, Ача-Кайыңды айылынан 1 тургуну, Большевик айылынын 1 тургуну, Ак-Жар айылынын бир тургуну шамалдын кесепетинен жабыр тартышып, райондук ооруканага жаткырылды.

Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун тапшырмасы менен орун басары Шабдан Абдырайым Ат-Башы райондук Жарандык коргонуу комиссиясы менен бирге жеринде иш алып барууда.

Тез аранын ичинде район аймагындагы болгон катуу шамалдын кесепеттеринен келип чыккан зыяндын көлөмүн аныктап, абалды турукташтырууга болгон күч аракеттерди көрүү тапшырмасы берилди.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.