30 декабрь 2023
Кароолор: 328
Ат-Башы районунун Большевик айылында жаңы билим уясы пайдаланууга берилди

Бүгүн, 30-декабрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Большевик айылында А.Табылдиев атындагы орто мектебинин 225 орундуу жаңы курулган имараты ишке берилди.
Буга чейин окуучулар мектептин авариялык абалдагы эски имаратында эки смен менен окуп келишкен.
Мектептин курулушу 2020-жылы САУД өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен башталган.
Быйыл Президенттин курулушу көпкө созулган социалдык объектилерди бүткөрүү тапшырмасынын негизинде аталган орто мектептин курулушу да тездетилип, жаңы жыл алдында айыл элине белек кылынды.
Мектептин ачылыш аземине КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эмилбек Абдыкадыров жана район, айыл тургундары катышты.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.