01 октябрь 2025

Кароолор: 6

АТ-БАШЫДА КАРЫЯЛАРДЫ КОЛДОО ҮЧҮН АТАЙЫН БОРБОР ИШТЕП ЖАТАТ

2025-жылга мамлекеттик социалдык заказ программасын ишке ашыруу планына ылайык, Ат-Башы районунда улгайган адамдардын социалдык активдүүлүгүнө, бакубаттуулугуна, өз алдынчалуулугуна кызмат көрсөтүү, колдоочу чөйрөнү түзүү максатында «Нарын экономикалык өнүгүү борбору» коомдук бирикмеси тарабынан «Улуу муун» борбору иш алып барып келет.

Борбор спорт инвентарлары менен камсыздалып, ден соолук чыңдоого, эс алууга, баарлашып отурууга шарттар каралган. Ага бүгүнкү күнгө чейин 1543 улуу муундун өкүлдөрү келишкен.

Облус башчысынын орун басары Айдана Иманалиева аталган борбордун иши менен таанышты.

Борбордун жетекчиси С.Асанбекованын айтымында карыялар үчүн баарлашуу, шахмат ойноо, машыгуу, китеп окуу жана майрамдык чакан иш-чаралар уюштурулуп келет.