25 сентябрь 2025

Кароолор: 33

АТ-БАШЫДА СОЦИАЛДЫК КЕЛИШИМ ДОЛБООРУ МЕНЕН ИШКЕРЛИК КЫЛГАН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДҮН КАТЫШУУСУНДА ФОРУМ БОЛУП ӨТТҮ

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Ат-Башы районунда социалдык келишим долбоору менен ишкерлик кылган үй-бүлөлөрдүн бизнес форуму болуп өттү.

Иш-чарага облус башчысынын орун басары А.Иманалиева, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары А.Солтонбекова, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.Абыдкадыров жана район боюнча социалдык келишим долбоору менен ишкерлик баштаган 600дөн ашык үй-бүлөнүн катышуусунда өттү.

Форумдун алкагында долбоор менен ишкерлик баштагандар өндүргөн продукцияларын көргөзмөгө коюп, тажырыйба алмашуу болду. Ошондой эле жылдык кирешесин миллион сомго жеткирген үч үй-бүлөгө облус башчысынын Ыраазычылык каты тапшырылды.

Маалымат үчүн айтып өтсөк, облус боюнча 3 жыл аралыгында республикалык бюджеттин эсебинен социалдык долбоор менен жалпы 1997 үй-бүлө келишим түзүп, анын алкагында 199 млн 700 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал эми быйылкы жылы709 үй-бүлөнү социалдык контракт түзүү пландалууда.