19 декабрь 2024
Кароолор: 98
АТР жакшы натыйжаларын көрсөтүп жатат

Нарын облусундагы административдик-территориалдык реформа (АТР) боюнча ишке ашырылган долбоорлорду, өзгөрүүлөрдү талдоо үчүн атайын өкмөттүк деңгээлде түзүлгөн комиссия мониторинг жүргүзүүдө. Комиссия тарабынан жүргүзүлгөн саресептин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмүн жакшыртууга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү калкка жеткиликтүү кылуу боюнча иш-чаралар комплекстүү каралууда.
Иш чаранын жүрүшүндө КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун биринчи орун басары А.Сапаров маалымат берип, негизги көрсөткүчтөргө токтолду.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешовдун сунушу менен Нарын облусунда 2 пилоттук долбоор боюнча ишке ашып жатат.
1. Административдик-территориалдык реформа (АТР);
2. Облустун айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу.
Бул долбоорлор өлкө башчысынын колдоосун таап, президенттин жарлыгы жана Министрлер Кабинетинин токтому менен ишке ашуусу мүмкүн болду.
Анын натыйжасында:
1) 63 айыл аймагы ирилешип 27 айыл аймагы түзүлгөн;
2) жалпы 36 бош калган имараттарды айыл башчыга, почта, китепкана, паспортстол,
муниципалдык ишкана, участкалык инспектор, маданият үйү, бала бакча, КААБ, клуб ж.б. берилди;
3) айыл аймакты өнүктүрүүгө керектелүүчү каражат мурда жергиликтүү бюджеттин 18% түзсө, АТРден кийин 51,8% жумшала баштады.
4) кызмат көрсөтүүчү муниципалдык ишкана түзүлдү (СПА-суу пайдалануучулар ассоциациясы, ИСКАКБ – ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелери, жайыт комитети, тазалык ишканасы ичинде)
Мурда облус боюнча СПА, Жайыт комитетинин, ИСКАКБда жалпы 74 техника болсо, азыр АТРден кийин техниканын саны 158 жетти.
Мурда бюджет 48 млн сом болсо, АТРден кийин 2023-жылы – 112 млн сом, 2024-жылы- 140 млн сом болду
«Административдик-территориалдык реформа долбоору — бул жеринде ресурстарды жана ыйгарым укуктарды натыйжалуу жана адилеттүү бөлүштүрүү боюнча кадам. Биз ишенимдебиз, биз киргизген өзгөрүүлөр аймактын өнүгүшүнө чыныгы пайда алып келип, жергиликтүү бийлик органдарынын, муниципалитеттин ишин жакшыртуу менен жарандарыбыздын жашоо сапатын жакшыртууда», — деп белгиледи өкүлдүн биринчи орун басары А.Сапаров.
Сөз куру болбошу үчүн комиссия Нарын районуна караштуу Миң-Булак