19 март 2025
Кароолор: 42
БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ НАРЫН ОБЛУСУНА ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЕЛИП, III ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫН ДЕЛЕГАТТАРЫ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Нарын облусуна иш сапары менен келип, III Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту.
Жолугушууга КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, район акимдери, айыл өкмөт башчылары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин райондук түзүмдөрүнүн жетекчилери жана курултай делегаттары катышты.
2024-жылдын 20-21-декабрында өткөн Элдик курултайда Нарын облусунан катышкан 43 делегаттын кайрылууларынын ичинен 84 суроо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине тиешелүү болгон. Анын ичинен 70 суроо кат түрүндө, 14 суроо жарыш сөздөрдө берилген.
Курултайда айыл чарбасына тиешелүү кайрылуулардын 41 ирригация боюнча, 11 - таза суу, 13 –жайыт, 2 – кайра иштеттүү, 9 – ветеринардык-санитардык, профилактикалык, эпизоотияга каршы иш-чаралар, 5 насыялар, 3 – соода-логистикалык борбор боюнча болгон.
Бакыт Төрөбаев министрлик тараптан бул кайрылууларды карап чыгып, тиешелүү чараларды көрүү жана чечимдерди кабыл алуу боюнча иш жүрүп жатканын билдирди.
Ошондой эле, кайрылуулардын басымдуу бөлүгү ирригация боюнча болгондугун белгиледи. Андыктан акимдерге жана айыл өкмөт башчыларына тез арада каналдарды министрликтин балансына өткөрүү берүү тапшырылды. Министрлик толугу менен тазалоо, бетондоо,капиталдык курулуш иштерин баштайт. Ал эми таза суу менен камсыздалышы боюнча өлкөдө Нарын облусу алдынкы орундарда турат. Эң начар көрсөткүч Жалал-Абад облусу экени маалымдалды. Нарын облусу мал чарбага басым жасаган аймак болгондуктан ветеринария жагынан көзөмөл күчөтүлөт. Мал ылаңын азайтуу, малдын сапатын көтөрүү боюнча жергиликтүү бийликтин дагы сунуштары айтылды. Жайыт маселесин караганда мурда жайыт комитеттери карап келген, ал эми АТР жана өкмөттүн №713 токтомунун негизинде жайытты айыл өкмөттөрдүн муниципалдык ишканалардын жоопкерчилигине алынды. Бул боюнча жергиликтүү бийлик иш алып барат. Соода-логистикалык борбор, кайра иштетүүчү ишканалар боюнча берилген суроолорго Б.Төрөбаев мамлекеттик 17 финансылык долбоор даяр жана ишкерлер каржылоону ошол долбоорлор аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин маалымдады. Ал ошондой эле Нарын облусунун жергиликтүү тургундарынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн министрлик тараптан бардык керектүү колдоо көрсөтүлөөрүн баса белгиледи.
Министр өлкөдө айыл чарбасын жана суу ресурстарын туура пайдалануу, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча иштер күчөтүлөрүн, ал эми жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн жоюу үчүн координацияланган аракеттер керектигин айтты.