31 май 2025
Кароолор: 13
БАЛДАРГА БААЛУУ БЕЛЕКТЕР ТАПШЫРЫЛДЫ

2025-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Калдарович Эргешовдун чакыруусу менен келген Россия Федерациясынын Президентинин башкармалыгынын чет өлкөлөр менен аймак аралык жана маданий байланыштар бөлүмүнүн башчысы Игорь Маслов баштаган россиялык делегация Нарын облусундагы иш сапарынын 2-күнү бир катар объектилерге барышты.
Делегация Ж.Шералиев атындагы Нарын балдар искусство мектебине барып, мектепке россиялык өнөктөштөр тарабынан даярдалган белектерди тапшырышты. Анын ичинде механикалык жана электрондук фортепианолор, баян, үйлөмө аспаптар жана балдар адабиятынан турган китептер бар. Ошондой эле Россотрудничествонун жардамы менен Россиянын улуттук музыкалык музейи тарабынан даярдалган дүйнөлүк белгилүү композитор П.И.Чайковскийге арналган көргөзмө да мектепке өткөрүлүп берилди.
Андан соң делегация “Алтын Түйүн” балдардын инженердик-техникалык академиясынын Нарын филиалына барып, окуучулардын ойлоп тапкан эмгектерин көрүп чыгышты. Игорь Маслов бул борборго россиялык өндүрүштөгү 20 комплект робототехника жабдууларына 2 миллион 345 миң рубль суммасындагы сертификатты тапшырды. Россотрудничествонун өкүлдөрү мындай демилгелер балдардын техникалык билим алуусуна чоң шарт түзөрүн белгилешти.
Коноктордун кийинки сапарында Нарын облусундагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон “Куланак” ГЭСинин курулушу менен таанышып, тейлөө тармагындагы “Хан-Теңири” мейманкана комплексинин реконструкциялык долбоору боюнча тиешелүү меморандумга кол коюлду.