10 апрель 2025

Кароолор: 11

БАЛДАРГА КАРАТА ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШТУУЛУК, ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ШТАБДЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ

Балдар арасында жана балдарга карата жасалган кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча 2025-жылдын 3 айында жүргүзүлгөн иш аракеттердин жыйынтыктары жана ушул мезгилге карата жыныстык кол тийбестикке каршы катталган учурлар боюнча КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын штабдык отуруму өттү.

Штабдык отурумга КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу жетекчилик кылды. Иш-чарага облустук прокурордун орун басары Гүлмира Кашкарова, облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, полковник Талант Кадыров, райондук мамлекеттик администрациялардын орун басарлары, Нарын шаарынын вице-мэри, облустук усулдук билим берүү, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери катышты. 

Күн тартибине ылайык, Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси Төрөбек Арунова 2025-жылдын 3 айында катталган учурлар, жалпы абал боюнча маалымат берди. Маалыматка ылайык, жашы жете электердин арасында жана жашы жете электерге карата жасалган кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана укук бузууларга жол бербөө багытында бир катар уюштуруучулук иш-чаралар жүзөгө ашырылган. Облус аймагында жалпы 234 алдын алуу мүнөзүндөгү иш-чаралардын ичинен 43 семинар, спорттук иш-чаралар байма бай өткөрүлүп жатат. 50 ашык профилактикалык иштер өткөрүлдү. Ички иштер башкармалыгы тарабынан мектептерде тематикалык 1000 чукул окуулар өткөн. 

Андан соң, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкери, райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары, Нарын шаарынын вице-мэри тийиштүү маалыматтарды беришип, талкуу жүрдү.

Укук бузуулардын басымдуу бөлүгү социалдык колдоого муктаж, жалгыз бой энелердин, же экинчи турмуш курган үй-бүлөлөрдөн чыккан балдар экени аныкталган. Алардын ата-энесинин жоопкерчилиги дагы каралат. Ал эми толук камдуу турмушта жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары дагы каттоодо бар экени белгиленди. Турмушу жакшы үй-бүлөдөн чыккан кылмышкер балдардын ата-энесин жазага тартуу сунуштары берилди. Анткени, ата-энеси тарабынан баланын тарбиясына тийиштүү көңүл бөлүнгөн эмес.

Талкууда укук бузуулардын алдын алуу иштери, балдардын аң-сезимин өстүрүү, билимге, спортко кызыктыруу боюнча сунуштар айтылды.

Облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, полковник Т.Кадыров эң көп алдын алуу жумуштары милиция тарабынан жүргүзүлүп жатканын билдирди. Бирок милиция кызматкерлеринин саны жетишпейт. Ошондуктан, ички иштер министрлиги тарабынан жашы жете электер менен иштөө инспекторлорунун (ИДН) санын көбөйтүү каралып жатканын маалымдады. 

Ал эми прокурордун орун басары Г.Кашкарова балдарды урушуп, катуу жазалоо менен жакшы жыйынтык бербестигин айтты. “Күнөөлүүнү издегендин ордуна балдарга багыт берүү иштерин алып баруу зарыл. Балдардын тагдырын талкалап албайлы деп башка жолдорду издеп жатабыз. Балдарга кызыктуу нерсе жетишпей жатат”,- деди. Балдарга мээрим төгүп, балдардын бош убактысын азайтып, мектеп алдындагы ийримдерди уюштуруу, спорт менен машыктыруу жана башка балдарга кызыктуу иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. 

Облус башчысынын орун басары Ш.Абдырайым уулу штабдык отурум жыйынтыктуу болуш керек экенин баса белгиледи: “Отурумда статистиканы эле айтып коюп кете бербей, ситуацияга жакшылап көңүл бөлүп койсоңуздар маселе чечилет. Балдарга карата жасалган кылмыштуулук жана балдардын жасаган кылмыштуулугу боюнча анализ чыгарып, мамлекеттик кызматтар тыгыз иш алып баруусу зарыл”,- деди. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан үй-бүлөлөрдүн атайын базасын түзүүнү тапшырды. Ошондой эле, билимге умтулуу, спорт менен машыгуу, ийгилик сырлары жана башка темаларда позитивдүү маалыматтарды көп чыгарып, пропаганда иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.