07 ноябрь 2025

Кароолор: 7

БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРДЫН МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН ФОРУМ ӨТТҮ

7-ноябрь күнү Нарын шаарында башталгыч класстардын мугалимдери үчүн “Окуучуларды тамга таанытуу, окутуу жана жаздыруу көйгөйлөрү”, ошондой эле “21-кылымдын көндүмдөрү” темаларында форум болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы билим берүү стандарттары, методикалар жана технологиялар менен таанышуу, окутуудагы жаңычыл ыкмаларды өздөштүрүү, сабактын сапатын жогорулатуу жана окуучулардын кызыгуусун арттыруу сыяктуу маселелер талкууланды. Ошондой эле мугалимдер ортосунда тажрыйба алмашуу, өз ара колдоо көрсөтүү жана 12 жылдык окутуу системасындагы методикалык ыкмалар боюнча пикирлер айтылды.

Бул форум башталгыч класстардын мугалимдеринин кесиптик өнүгүүсүнө багытталган маанилүү аянтча болуп, билим берүү тармагындагы заманбап тенденциялар менен таанышууга жана аларды иш тажрыйбасына киргизүүгө кеңири мүмкүнчүлүк жаратмакчы.