07 ноябрь 2025

Кароолор: 12

БАСМА СӨЗ КҮНҮНӨ КАРАТА СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

7-ноябрь - Басма сөз күнүнө карата ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров журналисттерди кабыл алып, аларды кесиптик майрамы менен куттуктады.

Өкүл өз сөзүндө коомдун өнүгүшүндө жана мамлекеттик саясаттын элге жеткирилишинде журналисттердин эмгеги чоң экенин баса белгилеп, калкка так жана объективдүү маалымат жеткирүүдөгү жоопкерчиликтүү иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө аймактык жана республикалык маалымат каражаттарында эмгектенген журналисттерге төш белгилер, Ардак грамоталар жана Ыраазычылык каттар тапшырылды.