06 апрель 2025
Кароолор: 21
БЕТОН ЗАВОДУ, ТАШТАНДЫ ИШТЕТҮҮЧҮ ИШКАНА ИШКЕ БЕРИЛЕТ

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов бир катар ишке берилүүчү объектилердин курулушу менен таанышты.
Алгач Нарын районуна караштуу бетон чыгаруучу ишкананын курулушун көрдү. Маалыматка ылайык, буга чейин аталган ишкана кум майдалап чыгарып келген. Ал эми учурда бетон чыгарууга даярдык иштери жүрүп жатат. Ага атайын техникалары келген жана 15 күндүн аралыгында ишке берилүүсү күтүлүүдө.
Ал эми Нарын шаарына караштуу Москва чөлкөмүнөн КР транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан оор жүк ташуучу унаалар токтоп туруучу жана чет өлкөгө чыгууга уруксат кагаздары берилүүчү жай курууга участок суралган. Облус башчысы жер тилкесинин талаптарга ылайыктуулугу жана шарттарын карап чыкты.
Ошондой эле, Нарын шаарынын таштанды төгүлүүчү полигонунун жайын көрдү. Нарын шаардык мэриясы тарабынан жана Ага Хан фондунун колдоосу менен таштанды иштетүүчү ишкана ачуу пландалып, долбоор ишке ашуу алдында турат.