10 ноябрь 2023
Кароолор: 820
Билим сапатын көтөрүү максатында мугалимдер окутулууда

Мамлекет тарабынан билим берүү тармагына жакшы көңүл бурулуп, мектептер, бала бакчалар курулуп, мугалимдердин айлык маяналары көбөйгөнү менен билим сапатынын көрсөткүчтөрү төмөн болууда. Билим сапатын көтөрүү максатында облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун сунушу менен мугалимдерге методикалык жардам көрсөтүү, квалификациясын жогорулатуу аракети башталды.
Учурда облус жетекчисинин сунушу менен А.Салымбеков университетинин Нарын шаарындагы билим жана инновациялык борборунда окуучуларды Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоодо мугалимдерге методикалык колдоо көрсөтүү курсу башталып, Нарын шаарынын жана Нарын районунун математика жана кыргыз тили сабактарынан берген предметтик мугалимдер окутулууда. Окутуу бардык райондордун мугалимдерине жүргүзүлөт. Окуп барган мугалимдер окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдашат.
Бүгүн, 10-ноябрда Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов А.Салымбеков университетинин билим жана инновациялык борборунда квалификациясын жогорулатып жаткан мугалимдер менен жолукту. Баарлашуу учурунда облус жетекчиси мугалимдерден балдардын билим сапатын көтөрүүдө натыйжа көрсөтүп берүүлөрүн өтүнүп, мотивациялык кеп-кеңештерин берди.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.