20 октябрь 2025
Кароолор: 97
БИРИНЧИ ОРУН БАСАР Р. САПАРБЕКОВ КОЧКОР РАЙОНУНДА ЖҮРҮП ЖАТКАН КУРУЛУШТАР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Руслан Сапарбеков Кочкор районунда жүрүп жаткан бир катар курулуштардын жүрүшүнөн кабар алды. Бул иштер республикалык бюджеттин, эл аралык өнөктөштөрдүн жана “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунун колдоосу менен жүргүзүлүүдө.
Учурда Кочкор районунда С.Булатов атындагы жалпы дарыгерлик практика борборун, С. Булатов атындагы дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн имаратын, М.Садыков атындагы стадионун, Н.Абдыкалыков атындагы спорт мектебинин кошумча күрөш жана бокс залынын имаратын куруу иштерине даярдыктар кызуу жүрүп жатса, Кочкор айылындагы “Сейил” эс алуу багын реконструкциялоого долбоору даярдалып жатат.
Ал эми, И.Арабаев атындагы 500 орундуу мектептин, “Ормон-Хан ордо” этно комплексинин жана Шамшы айылындагы БДРдин курулуштары жүрүп жатса, Бугучу айылынын ички жолу асфальтталып бүтүп, учурда жол сызыктарын чийүү иштери башталууда.
Мындан сырткары, “Чолпон” муниципалдык мекемеси коммуналдык техникалар менен камсыздалса, Б.Исакеев айылындагы “Топон-Арык” каналы толугу менен реконструкция иштери бүткөрүлдү.