01 апрель 2025

Кароолор: 16

«БИЗНЕС АГАРТУУ КЕРБЕНИ» МААЛЫМАТТЫК КАМПАНИЯСЫ НАРЫНДА

Бүгүн, 2025-жылдын 1-апрелинде, Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы Нарын облустук  академиялык музыкалуу драма театрында «Бизнес агартуу кербени» маалыматтык кампаниясы өттү. Маалыматтык кампания Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгы, JIA бизнес-ассоциациясы жана КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты ортосундагы кызматташтыгынын алкагында уюштурулду.  

Иш-чарага КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Адыл Сапаров, Кыргыз Республикасынын Министерлердин Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси  Улук Кыдырбаев, JIA бизнес-ассоциациясынын Нарын филиалынын директору Бурулсун Раимкулова, мамлекеттик салык кызматынын, экономика жана коммерция министрлигинин, туризм депатаментинин, жер жана суу ресурстарын көзөмөлдөө кызматынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өнүктүрүү фонддор, мамлекеттик банктардын, ишкердик чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. 

Иш-чаранын ачылышында алгачкылардан болуп КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Адыл Сапаров сөз сүйлөдү. Ал облуста аткарылып жаткан иштерге токтолуп, маалыматтык кампаниялар ишкерлер үчүн маанилүү экенин белгиледи. Акыркы жылдарда ишкердик чөйрөнү жакшыртуу багытында көп иштер  аткарууга алынып, эң негизгиси, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенин айтты. Бул кадамдар ишкерлер үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтат жана ишкерлер үчүн процесстерди ачык жана ыңгайлуу кылат.

“Учурда биздин региондо жалпы 24 миң 785 жеке ишкер иштеп жатат, анын 9 миң 538ин аялдар түзүүдө. Бул биздин облусубуздун экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жатканынын белгиси жана биз аялдардын ишкердик чөйрөсүнө болгон активдүү катышуусуна сыймыктанабыз”,-деди А.Сапаров.

Ошондой эле, ал чакан жана орто ишканаларды колдоо дагы маанилүү багыт болуп саналарын жана жергиликтүү бийлик бизнес коомчулугу менен иш алып баруу алкагында инфратүзүмдү жакшыртууну, каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыздоону, консультациялык жана билим берүү программаларын сунуштоону, эл аралык рынокторго чыгууну жеңилдетүүнү улантарын белгиледи.

Программага ылайык,  иш-чара  “Ишкердик чөйрөсүндөгү жаңы мыйзамдардын” өзгөрүүсү, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын саясаты жана ишкердикти коргоодогу ролу, мамлекеттик-жеке диалогду күчөтүү”, “Региондук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен туризмди өнүктүрүү”, өнүктүрүү фонддор жана мамлекттик банктардын чакан жана орто бизнеске ылайык финансылык продуктылар- шарттары жана талаптары, “Салык саясатындагы өзгөртүүлөр жана