20 июнь 2026
Кароолор: 16
БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИН НАРЫНДЫК 3 СТУДЕНТ ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ

20-июнь күнү Нарындагы Борбордук Азия университетинде 2026-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу боюнча салтанаттуу азем болуп өттү.
Иш-чарага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Жылдыз Мамбетова, ханзаада Али Мухаммад Ага Хан, университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулар курамы, бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери катышты.
Быйыл Борбордук Азия университетинин Нарын кампусун жалпы 33 студент ийгиликтүү аяктап жатат. Алардын 15и кыргыз студенттери болсо, 3 бүтүрүүчү Нарын облусунан.
Белгилей кетсек, Ханзаада Али Мухаммад Ага Хан Нарын облусуна экинчи ирет иш сапары менен келди. Ал Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын 50-имамы Рахим Ага Хан Vтин иниси болуп саналат. Ханзааданы Нарын облусуна келген учурда ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров расмий жолугушуп, алдыдагы иш пландарды талкуулашкан.