09 декабрь 2025
Кароолор: 35
БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИНЕ БЕРИЛГЕН, БИРОК КУРУЛУШ ИШТЕРИ БАШТАЛА ЭЛЕК ЖЕР АЯНТТАРЫН НАРЫН ШААРЫНА КАЙТАРУУ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ЖҮРДҮ

9-декабрь күнү ыйгарым укуктуу өкүл онлайн жана офлайн форматта БАУнун Камкорчулар Кеңешинин төрагасы доктор Шамш Кассим-Лакха жана Борбордук Азия университетинин ректору Кристофер Герри менен жолугушту.
Жолугушууда өкүл облус боюнча, анын ичинде Нарын шаарында да бир катар иштер жүрүп жатканын белгиледи. Өзгөчө, калкты турак жай менен камсыз кылуу максатында жер аянттары тартыш болуп жатканын эске алып, Борбордук Азия университетине убактылуу пайдаланууга берилген, бирок курулуш иштери башталбаган аймактарды Нарын шаарынын муктаждыктарына пайдаланууга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.