07 февраль 2024

Кароолор: 322

Б.Төрөбаев: "Нарында жайылта турган жакшы иштер бар"

Бүгүн, 7-февралда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев иш сапары менен Нарын облусунда болду.

Иш сапарынын алкагында Б.Төрөбаев Нарын облусундагы пилоттук реформалардын негизинде жасалган жумуштардан кабар алды.

Нарын районунун Миң-Булак айылындагы тазалык ишканасынын атайын жана айыл чарба техникаларын көрдү. Ошондой эле жаңы ачылган мык, буроолорду чыгаруучу, чынжырча торлорду түйүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев Нарында жайылта турган жакшы иштер колго алынып жаткандыгын белгилөө менен бирге быйыл Нарын дарыясына ГЭСтерди куруу, темир жолун Нарын облусу аркылуу өткөрүү, Нарында этти тангактап экспорттой турган ишканаларды ачуу пландары коюлуп жатканын айтып, бул иштер көзөмөлгө алынаарын белгиледи.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.