15 май 2025

Кароолор: 15

Б.ТӨРӨБАЕВ НАРЫНГА 2 КҮНДҮК ИШ-САПАРЫ МЕНЕН КЕЛДИ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Э.Төрөбаев Нарын облусуна 2 күндүк иш-сапары менен келди. Анын алкагында облустагы бир катар айыл чарба жана өндүрүш объектилердин иши менен таанышты.

Министрди КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Кочкор районунан тосуп алып, Кочкор районундагы Логистикалык борбордун курулушунун жайгашышы боюнча маалымат берди. Аким Баялы Досалиевдин маалыматы боюнча Жаңы-Жол айылындагы “Тогуз-Булак” участкасында курулуп жаткан “Соода логистикалык комплекси" 11,82 га жер аянтты ээлейт. АТРдин алкагында президент тарабынан айыл өкмөттөргө экономикалык бөлүнгөн 10 млн сомго керектүү материалдар алынган. Жалпы 27 млн сомго курулуш иштери башталып, 100 кВт кубаттуулуктагы 1 даана трансформатор орнотулган. Учурда курулуш иштери 90% аяктады.

Түрдүү товар сатуучу соода орундары, ветеринардык лабораториялык кызматкердин административдик имараты, 4 ажааткана, унаа токтоочу жайы жасалып, электр энергиясы тартылган жана 4 видео көзөмөл орнотулду. Мал түшүрүлүүчү жайлары жасалып, автоунаа токтоочу жай административдик имараттын курулушу толук аяктады. Андагы мал базардын сыйымдуулугу 1000 жылкы, 1000 ири мүйүздүү мал, 3000 койго эсептелинген. Мындан тышкары, соодага 281 контейнер жайгашканга ылайыкталган, социалдык жактан муктаждарга 15 орун берилет. Жалпысынан 2 гектар жер аянты аукцион аркылуу жарандарга ижарага берилип, келишимдери түзүлгөн. Бул логистикалык борбор 30-июнда пайдаланууга берилери пландалууда. Ишемби күндөрү иштей турган логистикалык борбор жумасына 300 миң сом киреше алып келет деген эсебин аким кошумчалады жана келечекте мындан дагы кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү бар.