27 март 2025
Кароолор: 13
БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ТЕАТР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

27-мартта М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында Бүткүл дүйнөлүк театр күнү белгиленди. Алгач ачык асман алдында театр күнүн белгилөө пландалып, бирок катуу шамалдан улам чыгармачыл жамааттын ишине тосколдук жаралып, салтанат театрдын чоң залында өткөрүлдү.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Мамбетова театр кызматкерлерин кесиптик күнү менен куттуктады. Ал театрдын маанисине, тарыхына токтолуп, ар бир жогорку деңгээлде белгиленчү иш-чара театр кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлөрүн белгилеп, жалпы жамаатка ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, бир катар театр кызматкерлерине ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамотасын тапшырды.
Ал эми куттуктоо айтып келген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаар тургундары театрдын калктын маданий турмушундагы маанисин, руханий баалуулуктарды калыптандыруудагы жана жаш муундарды тарбиялоодогу ролун белгилешти.
Коноктор кыргыз театр искуствосуна салым кошкон инсандар ушул театрда иштеп кеткенин эскеришти: Муратбек Рыскулов, Капар Медетбеков, Тамара Жумакаева, Сейитказы Андабеков, Сагыйпа Чечейбаева жана башкалар. Ошондой эле, Союздун курамындагы 15 республиканын ичинде атайын эсебине каражат топтогону боюнча 2-орунда болгонун белгилешти.
Театрдын кызматкерлеринин талыкпаган эмгегин жана чыгармачылыгын белгилөөгө өзгөчө көңүл бөлүндү. Жигердүү директорунан тарта режиссёр, көркөм жетекчи, актерлор, тигүүчү, сүрөтчү жана театрдын техникалык кызматкерлерине ыраазычылык айтылып, бир катар кызматкерге сыйлыктар тапшырылды. Иш-чара театралдык концерт менен коштолду.
Эске салсак, М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрынын түптөлгөнүнө быйыл 88 жыл толду.