15 май 2025

Кароолор: 29

БЫЙЫЛ "ТҮГӨЛ-СУУ" СУУ ТОПТООЧУ ЖАЙЫ ИШКЕ БЕРИЛЕТ

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Нарын облусуна болгон иш сапарында Жумгал районунун Таш-Дөбө айылындагы Түгөл-Суу суу топтоочу жайынын курулуш иштери, Чаек айылындагы сүт заводу жана минералдык суу чыгаруу цехинин, бетон чыгарган заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Жолдошбек Ишенбек уулунун маалыматы боюнча Жумгал районундагы 3,2 млн м³ көлөмдөгү “Түгөл-Суу" суу топтоочу жайынын (БДР) курулушу Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен жүргүзүлүүдө. 2 млн 850 куб суу пайдалана турган суу болот. Дамба салынып жатат. Ушул жылдын декабрь айында бүткөрүү. Окторкой жана Кең -Суу сууларынан топтолот. Мурда суу сай менен коромжу болуп пайдаланылбай агып турган. Суу топтолгон соң дыйкандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Долбоор үч лот менен ишке ашырылып, жалпы тендердик сумма 9,3 млн АКШ долларын түздү. 2025-жылдын май айына карата 4,8 млн доллар өлчөмүндө иштер аткарылды. 2023-жылы июль айында башталган. Учурда суу өтүүчү түтүкчөсү, бүткөрүлдү, суу агымын жөнгө салып агызуучу канал 120 м бүткөрүлдү.

Долбоор жыйынтыгында 6 айылдын эли сугат суусу менен камсыздалат. 3208 га жердин сугат мүмкүнчүлүгү жакшыртылып, 1600 га жаңы жер өздөштүрүлөт.

Министр быйыл кургакчылык болуп, көйгөй жаралышы мүмкүн экенин белгиледи. Андыктан суу топтоо иштерин жүргүзүүнү колго алууну тапшырып, кийинки жылга дагы приоритеттүү деп эсептелген Кара-Кече БСР, Миң-Теке БСР, Базар-Турук БСР долборлоого, ПСД киргизилерин маалымдады.

Суу чарба башкармалыгынын билдүүсүнө таянсак Жумгал районунда жалпы ирригациялык 6 БСР курулса 9 миң га жаңы жер өздөштүрүлүп, сугат маселеси толук чечилет.