24 июнь 2025

Кароолор: 29

БЫЙЫЛ НАРЫН ОБЛУСУ БОЮНЧА 7000ге ЖАКЫН БАЛАНЫН ЖАЙКЫ ЛАГЕРДЕ ЭС АЛУУСУ УЮШТУРУЛАТ

Бүгүн, 2025-жылдын 24-июнунда, окууда алдыңкы орундарды ээлеген 160 окуучу жана  аларды  коштоп, коопсуздугун карачу 20 мугалим  «Алтын Балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборуна эс алууга жөнөп кетишти. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен уюштурулуп, өлкө башчысынын программасынын алкагында өткөрүлүүдө.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов балдарды узатып жатып аларга каалоо-тилектерин арнап жакшы эс алып, жаңы тажрыйба, жакшы ойлор менен кайтуусун каалады. Ал белгилегендей, бул жылы жалпы 7000ге жакын нарындык бала жайкы эс алууга тартылат. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Программасынын алкагында 2025-жылдын жайкы эс алуу мезгилинде окууда мыкты жетишкендиктерге ээ болгон окуучулар, эл аралык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, спорт тармагындагы жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен өспүрүмдөр Кыргыз Республикасынын   Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын  демилгеси менен “Алтын Балалык” мамлекеттик ден соолукту калыбына келтирүү борборуна эс алууга жиберилип жатат. Алар борбордо ден соолугун чыңдоо менен катар чыгармачылык, спорттук жана тарбиялык иш-чараларга активдүү катышмакчы.

Буга чейин 100 окуучу “Алтын Балалык” борборунда эс алып кайтып келишкен. 

Мындан тышкары, 2025-жылдын 1-июлунан 14-июлуна чейин Нарын облусунун окуучулары үчүн Россия менен өнөктөштүктө уюшулган Россия Федерациясынын “Акмула эс алуу күндөрүнүн жайкы лагерине” дагы 150 окуучу атайын уюшулган программада эс алышат. Бул лагерь Нарын облсунун аймагындагы 8-9-10-класстар үчүн тил үйрөнүү атайын курстарына басым жасалып атйаын курстар, экскурссиялар, атайын окуучулар үчүн  Россиядан психолог, тренерлер  келип окутушмакчы. Бул лагерь Акмула мамлекеттик университети тарабынан каржыланат.   

Мектепке чейинки балдарды камтуу боюнча дагы маанилүү кадамдар жасалууда. “Роза Отунбаева” эл аралык коомдук фондунун көмөгү менен уюштурулуп келе жаткан жайлоо бала бакчаларына быйыл 1800 бала тартылат. Бул долбоор айылдык шартта жашаган наристелерге билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берип, ата-энелер үчүн да чоң колдоо болууда.