05 июль 2025
Кароолор: 3
ЧАЕК АЙЫЛЫНДА ЖЕКЕ МЕНЧИККЕ ӨТҮП КЕТКЕН ИМАРАТ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛЫП, ДАРЫГЕРЛЕРГЕ БЕРИЛЕТ

Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Нурбек Сатаров Жумгал районуна болгон иш сапарынын алкагында райондун борбору болгон Чаек айылындагы бир катар иштер менен таанышып, эскертүү жана сунуштарды берди.
Алардын катарында убагында жеке менчикке өтүп кеткен, учурда мамлекетке кайтарылган имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүп туруп, дарыгерлер үйү кылып берүүгө тапшырма берди.