10 декабрь 2024
Кароолор: 89
Чек ара кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын 100 жылдык мааракеси белгиленди

Бүгүн, 10-декабрда Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын “Тайлак Баатыр” атындагы Нарын облусу боюнча башкармалыгынын 100 жылдык мааракеси белгиленди.
Салтанаттуу иш чара чек ара кызматынын кызматкерлери, ардагерлер жана сыйлуу коноктордун катышуусу менен өттү.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов чек арачыларды маанилүү дата менен куттуктады. Алардын кызматтагы берилгендигин жана өлкөнүн коопсуздугун камсыздоодогу баа жеткис салымын белгиледи.
Мамлекет тарабынан чек араны чыңдоого болгон аракеттер күч экенин жана бардык тийиштүү иш-аракеттер, колдоолор болуп турарын айтты. Быйыл “Торугарт” заставасындагы чек ара кызматкерлеринин жумуш шартын жакшыртуу максатында “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 5 млн сом которулуп берилгенин дагы маалымдады.
Өзүнүн сөзүндө облус башчысы: “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнө быйыл туура 100 жүз жыл толуп, аны менен катар уюшулган мамлекеттик кызматтардын мааракелери белгиленип жатат. Бир кылым бою чек ара кызматынын алгачкы кадамдарынан баштап, сиздер мекенибиздин тынчтыгын жана коопсуздугун сактоо үчүн чек араны коргоп келесиздер. Ар бир жарандын туруктуу жана тынч жашоосун камсыздап, өз милдетиңиздерди так аткарып жатасыздар. Чек ара кызматында өмүрүн мекенге арнаган, чыдамкай жана ак ниеттүү адамдар кызмат өтөйт деген бекем ишеничтемин! “-деди.
Аземдин жүрүшүндө бир катар аскер кызматкерлерине жана ардагерлерге сыйлыктар берилди. Ошондой эле, башкармалыкка белек катары унаа жуучу трансбой тапшырды.
Мааракеге Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын Башкы штабынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу, полковник Нурбек Турганбаев катышып, сыйлыктарын тапшырды.
Кезектеги сөз Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын Кыргыз Республикасындагы Ыкчам чек ара тобунун башчысынын орун басары – полковник Андрей Ефименкого берилди. Аны менен катар, учурунда Нарын чек ара отрядында кызматын өтөп кеткен Н.Молокотин, С.Попов, А.Козлов, А.Боронников, С. Катаев каалоо-тилектерин жолдоп, Чек ара кызматынын тарыхына, чек ара коопсуздугун сактоодогу ордун жана кызматташтыгына токтолуп, белектерин тапшырышты.