24 сентябрь 2025

Кароолор: 26

ДИНИЙ КЫРДААЛДЫ ЖАНА КООМДУК ЫНТЫМАКТЫ ЖАКШЫРТУУ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

Кечээ, 24-сентябрь күнү КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү КРнын Президентинин алдындагы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик менен биргеликте диний чөйрөдөгү жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелери тууралуу координациялык кеңешме өткөрүлдү.

Жыйынга координациялык кеңештин мүчөлөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери, укук коргоо жана коопсуздук органдарынын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Нарын облусундагы диний кырдаал, коомдогу ынтымакты чыңдоого багытталган практикалык чаралар талкууланып, радикалдык агымдарды алдын алуу, диний уюмдардын мамлекеттин мыйзамдарына ылайык иштөөсүн жакшыртууга багытталган чечимдер кабыл алынды.