22 май 2025

Кароолор: 7

ДОЛБООРДУН ЭКИНЧИ ФАЗАСЫНЫН АЛКАГЫНДА ЖЕТЕКЧИЛИК КОМИТЕТИНИН МҮЧӨЛӨРҮ КУРУЛУШ ЖҮРҮП ЖАТКАН ЖАНА ПЛАНДАШТЫРЫЛГАН ОБЪЕКТТЕРДИ ЖЕРИНДЕ КӨРҮП ЧЫГЫШТЫ

2025-жылдын 22-майында, Нарын шаарында «Суу менен камсыздоо жана канализация системасын калыбына келтирүү» долбоорунун II фазасы боюнча 21-майда өткөрүлгөн жетекчилик комитетинин жыйынынан кийинки күнү, долбоордун катышуучулары жана эл аралык өнөктөштөр Нарын шаарында курулуш иштери жүрүп жаткан жана баштала турган объекттерди жеринде кыдырып чыгышты.

Курулуш жүрүп жаткан аймактарды кыдыруу сапарына Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Адыл Сапаров, Нарын шаарынын вице-мэри Эльнура Асангазы кызы, шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилери, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр – Музаффар Нарбаев жана Арстанбек Болотбеков (ЕӨКБ), Тунжурбек Кудабаев (SECO), Микеле Рескальдани (ЕС), Нияз Эсенбеков, Каныбек Мусаев, Андреас Штойзиц жана Клайв Дженнори (долбоордук командалар) катышты.

Комиссия Нарын шаарынын Чыгыш жана Батыш райондорунда жайгашкан объекттерди: жаңы канализация линияларынын курулуш тилкелерин, эски канализациялык түтүктөрдү алмаштыруу жана реконструкциялоо иштерин, келечекте курула турган канализация насос станцияларынын (КНС) жайгаша турган жерлерин жана жолдордун калыбына келтирүү пландаштырылган участокторун көрүп чыгышты.

Жергиликтүү тургундарга эскертүү:

  • Иштердин узактыгынан улам кээ бир аймактарда убактылуу кыйынчылыктар (транспорттун жана жүргүнчүлөрдүн кыймылынын чектөөлөрү) болушу мүмкүн;
  • Айрым аймактарда убактылуу суу менен камсыздоо жана канализация токтотулушу мүмкүн. Алдын ала билдирүүлөр жарыяланат;
  • Курулуш аянтчаларына жакын болгондо абайлаңыз жана балдарды иш жүргүзүлүп жаткан жерлерге жакындатпаңыз.