05 апрель 2025

Кароолор: 19

ДОЛОН КАПЧЫГАЙЫНДАГЫ МЫЙЗАМСЫЗ ВАГОН, ПАВИЛЬОНДОР АЛЫНАТ

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы N56 Жарлыгына ылайык, жана КР Министрлер Кабинетинин N192 токтомун аткаруу максатында эл аралык жана мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерде жол боюндагы тейлөө объекттерин мыйзамсыз жайгаштыруу жана башаламан соода жүргүзүү кырдаалын тартипке келтирүү жана укуктук жөнгө салуу боюнча Нарын облусунун аймагында иштер жүргүзүлүүдө.

Жарлыкта көрсөтүлгөндөй, жол боюндагы тейлөө объекттерин алар үчүн арналбаган жерлерде мыйзамсыз уюштуруу жана жайгаштыруу калктын ден соолугуна коркунуч келтирет. Мисалы, сезон келгенде аталган участоктордо мөмө, жемиш, балык жана башка тамак-аш азыктарын сатуучулар пайда болот, сатылып жаткандар жол боюндагы чаңды жана машиналардан чыккан түтүндөрдү өзүнө сиңирип алат. Бул алардын сапатына таасирин тийгизет жана адамдын ден соолугуна коркунуч келтирет.

Бишкек-Нарын-Торугарт эл аралык жол каттамындагы Долон капчыгайында мыйзамсыз жайгашкан соода-сатык жүргүзгөн павильон, вагондорду жана талапка жооп бербеген курулуштарды алдыруу боюнча КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Контролдоо жана инспектордук иштер бөлүмүнүн башчысы Самат Асаналиев, аппараттын башкы адистери Салтанат Сатыбалдиева, Жамгырчы Дөөлөтбай уулу, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Б.Кошалиев, N41 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Н.Доолотов, райондук токой чарба ишканасынын башчысы А.Султанов, Нарын облустук жер, суу көзөмөл кызматынын башчысы Б.Сагыналиев, Жол чарба департаментинин Нарын облустук #2 аймактык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси К.Кыдырбаев, Э.Дайракунов атындагы айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбеков менен биргеликте мониторинг жасалды. 

Буга чейин 40 боз үй участогундагы вагон, павильон ээлерине прокуратуранын сунушу менен транспорт инспекциясы тарабынан бир нече жолу билдирүүлөр берилген. Билдирүүгө ылайык 2025-жылдын апрель айында мыйзамсыз коюлган курулуштар, вагон, павильондор ал жерден алынат. Мындан сырткары, Нарын облустук жер, суу көзөмөлдөө кызматынын башчысы Б.Сагыналиевге мониторинг жүргүзүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

15-апрелге чейин айыл өкмөт, токой чарба кызматы тиешелүү жерлерди аныктап башка участокторду сунуштайт.