29 январь 2025

Кароолор: 20

Дубан башчысы А.Эргешов коомдук кабылдамада жарандарды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов коомдук кабылдамада жарандарды кабыл алды

Ат-Башы, Нарын райондорунан жана Нарын шаарынын тургундары келип арыз-даттанууларын айтып кайрылышты. Анда турак-жай маселеси, социалдык жардам,  билим берүү тармагындагы ойлоп тапкыч балдарга шарт түзүү, инновациялык методикаларды колдоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга материалдык колдоо көрсөтүү боюнча жана ар кыл маселелер боюнча көйгөйлөрүн айтышты.

А.Эргешов ар бир кайрылууну угуп, жооптуу кызматкерлерге конкреттүү тапшырмаларды берди жана бардык кайрылуулар ирээттүү түрдө караларын белгиледи. Ошондой эле, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен түз диалог уюштурулуп, жарандарга маселелерин чечүү үчүн мыйзамдык механизмдер түшүндүрүлдү.

«Ар бир кайрылуу маанилүү, биздин милдетибиз – жарандарбыздын кыйынчылыктарын чечүү үчүн колубуздан келгендин бардыгын кылуу. Мен ачык форматтагы бул сүйлөшүүлөр биздин ишибиздин сапатын жакшыртып, элдин бийликке болгон ишенимин күчөтөт деп ишенем», – деди облустук жетекчи.

 Облус жетекчисинин кабыл алуусу ачык форматта өтүп, облустун тургундарынын актуалдуу суроолорун жана көйгөйлөрүн угуп, алардын чечүү жолдорун сунуштоо максатын көздөдү.