10 июль 2025

Кароолор: 7

ДУБАН БАШЧЫСЫ НАРЫНДЫК АЗИЯ ЧЕМПИОНУНУН КҮМҮШ МЕДАЛЫНЫН ЭЭСИ А. МУКАНБЕТОВДУ КУТТУКТАДЫ

Азия чемпионатында 44 кг. чен салмакта күмүш медаль тагынган Адилет Муканбетовду жана анын машыктыруучусу Азиз Апасовду облус башчысы Нурбек Сатаров кабыл алып, ийгилиги менен куттуктап, белегин тапшырып, келечекте дүйнөнүн чемпиону болушун каалады.

Бул жаш спортчу 2010-жылы Нарын шаарында төрөлүп, 7-класска чейин Нарын шаарындагы № 4 Э.Ибраев атындагы орто мектебинде окуган. Учурда Ш.Сыдыков атындагы республикалык спорт колледжинде окуп машыгууда.

Эске салып өтсөк, 2025-жылдын 5-7-июль күндөрү Бишкек шаарында өткөн 15 жашка чейинки

спортчулар арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында (U-15) Кыргызстан курама командасы жалпы 24 медаль жеңип алган. Алардын катарында Нарын жергесинен барып катышкан спортчуларыбыз да бар.

1. Муканбетов Адилет, 44 кг. чен салмакта 2-орунду камсыз кылып, күмүш медалынын ээси боло алды.

2. Кылычбекова Калича, 39 кг. чен салмакта 2-орунду камсыз кылып, күмүш медалынын ээси боло алды. 2011-жылы Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн.

3. Нурбекова Арууке, 36 кг. чен салмакта 3-орунду камсыз кылып, коло медалынын ээси болду. 2010-жылы Нарын шаарында төрөлгөн.