12 февраль 2024
Кароолор: 317
Дыйкан, фермерлерге айыл чарбасын жакшыртуу багытында маалыматтар берилди

Нарын облусунда мөмө-жемиш, сүт, эт кластерлерин түзүү аркылуу айыл чарба тармагын өнүктүрүү негизги багыттардан. Бул кластерлерди ишке ашыруу үчүн жазгы талаачылык, багбанчылык жумуштарын өз убагында жүргүзүү, тоют өсүмдүктөрүнүн аянтын кеңейтүү, жер семирткичтерди туура пайдаланууну өздөштүрүү сыяктуу кечиктирилгис аракеттер зарыл.
Бүгүн, 12-февралда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө “Бай Дыйкан” компаниясы жана “Борбор Азия багбандар биримдиги” биргелешип өткөргөн семинарда Нарын облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Иш чарага КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, “Бай Дыйкан” айыл чарбаны колдоо борборунун, “Борбор Азия багбандар биримдигинин” өкүлдөрү, ошондой эле Нарын облусундагы дыйкан-фермерлер, багбандар, райондордогу айыл чарба департаменттеринин, Нарын мамлекеттик университетинин, айыл өкмөттөрүнүн, айыл чарба мекемелеринин кызматкерлери катышты.
Семинарда дыйкан-фермерлерге, багбандарга мөмө-жемиш, сүт, эт кластерлери боюнча түшүндүрмөлөр, жер семирткич, ветеринардык дары-дармектер, тоют базасын жакшыртуу багытында тиешелүү маалыматтар берилди.
КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.