13 август 2025
Кароолор: 8
ЭКИ-НАРЫН КӨПҮРӨСҮНДƟ КЫЙМЫЛ УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУЛДУ!

2025-жылдын 13-август күнү Нарын районундагы Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымында жайгашкан Эки-Нарын көпүрөсү толугу менен жараксыз абалга келип, жол каттамы убактылуу токтотулду.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөөлөргө карабастан, оор жүк ташуучу унаа чиркегичи менен кум-шагыл жүктөп өтүп бара жатканда көпүрө көтөрө албай кулаган. Кырдаалды жөнгө салуу, кулаган жүк ташуучу унаанын ээсин издөө жана жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттерди облус башчысынын 1-орун басары Руслан Сапарбеков көзөмөлдөөдө.
Эскерте кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, аталган көпүрө жараксыз абалга келгенине байланыштуу 2025-жылдын титулдук тизмесине киргизилип, долбоордук-сметалык документтери даярдалган. 5-августта тендер жарыяланып, 11-август күнү тендер өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө тендер боюнча иштер жүрүп жаткан.
Окуя боюнча дагы кошумча маалыматтар берилип турмакчы.