19 февраль 2026

Кароолор: 7

ЭКОНОМИКАЛЫК КЕРБЕНДИН АЛГАЧКЫ САПАРЫ АК-ТАЛАА РАЙОНУНДА ӨТТҮ

19-февраль күнү ыйгарым укуктуу өкүл “Экономикалык кербен” долбоорунун алкагында Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө облус башчысы аймакта аткарылып жаткан социалдык-экономикалык иштер тууралуу кыскача маалымат берип, мурда башталган курулуш объектилерин өз мөөнөтүндө аяктоо боюнча тиешелүү аракеттер көрүлөрүн белгиледи.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Нарын аймактык бөлүмү (“Теңир-Тоо өнүктүрүү” фонду), Кепилдик фонду, “Элдик Банк” ААКнын Ак-Талаа филиалы, “Айыл Банк” ААКнын Ак-Талаа филиалы жана агро азык-түлүк кластерлерин туруктуу өнүктүрүү долбоорунун өкүлдөрү тарабынан маалымат берилди.

Анда насыя алуудагы кепилдиктер, жеңилдетилген насыялар, агро азык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү, насыя алууда кезекке туруунун талаптары, пайыздык чендер жана кардарлардын “кара тизме” маселеси боюнча түшүндүрмөлөр берилип, жарандардын суроолоруна жооп берилди.