13 февраль 2026

Кароолор: 10

ЭЛ АРАЛЫК ПРЕСС-ТУРДУН БИРИНЧИ КҮНҮ САЛКЫН-ТӨР ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНДА ӨТТҮ

13-февраль күнү эл аралык пресс-турдун биринчи күнү Нарын районундагы Салкын-Төр жаратылыш паркында өттү. Иш-чарага коңшу мамлекеттерден жана жергиликтүү журналист-блогерлерден 70ге жакыны катышты.

Пресс-турдун алкагында бүгүн “Бозо” фестивалы менен башталып, улуттук суусундук болгон бозонун даярдалыш ыкмалары кеңири чагылдырылды. Ошондой эле “Нарын бренди” аталган жергиликтүү азык-түлүктөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, кол өнөрчүлөрдүн жана уздардын кол эмгектери, бозонун түрлөрү келген конокторго тааныштырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалаган улак тартыш, салбуурун, жаа атуу сыяктуу улуттук оюндар көрсөтүлүп, концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, аталган фестиваль үч күнгө (13-16-февраль) созулуп, Нарын облусунун кышкы туризмин өнүктүрүүгө, аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири жайылтууга багытталган.