09 июнь 2026

Кароолор: 12

ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАРДА КӨТӨРҮЛГӨН МАСЕЛЕЛЕР ЖЕРИНДЕ КАРАЛУУДА

9-июнь күнү ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаров Нарын шаарынын Сейил-Булак чөлкөмүнүн тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда буга чейин аталган аймактын жери Нарын районуна, ал эми жашоочулары Нарын шаарына карап келгендиги, таза суу маселеси жана Нарын дарыясынын жээкти жеп жатканы боюнча көйгөйлөр көтөрүлдү. Облус башчысы бул маселелер көзөмөлдө экенин жана аларды чечүү боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Андан соң Нурбек Сатаров Нарын шаарынын кире беришинде курулуп жаткан айланма жолдун жана 2,5 миң тонналык жашылча-жемиш сактоочу логистикалык борбордун курулушу пландалган аймактын абалы менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы Куланак айылында курулуп жаткан Куланак ГЭСин, өзү агып чыгуучу Куланак каналын жана Нарын–Баетов унаа жолунун курулуш иштерин жеринен көрүп чыкты. Ошондой эле тиешелүү жетекчилерге курулуш иштеринин сапатын жана белгиленген мөөнөттө аткарылышын камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.