09 июнь 2026
Кароолор: 11
ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАРДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

9-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун тапшырмасынын негизинде 11-майдан 5-июнга чейин Нарын облусунун бардык райондорунда жана айыл аймактарында өткөрүлгөн эл менен жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө жалпысынан 1643 маселе көтөрүлүп, анын 197си же 17 пайызы жеринде чечилген. Калган 1446 кайрылуу боюнча иш-чаралар планы түзүлүп, тиешелүү мекеме-уюмдарга аткарууга берилди.
Көтөрүлгөн маселелердин 134ү же 7,7 пайызы айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде, 796сы же 45,6 пайызы райондук мамлекеттик администрациялардын деңгээлинде, 197си же 11,3 пайызы облустук деңгээлде, 119у же 6,8 пайызы республикалык маанидеги маселелер болгон.
Жыйында облус башчысы жарандардын көпчүлүк көйгөйлөрү айыл өкмөттөрдүн жана айрым мекеме-ишканалардын шалаакы мамилесинен улам өз убагында чечилбей жатканын белгиледи. Буга байланыштуу тиешелүү жетекчилерге жана айыл өкмөт башчыларына чара көрүү маселесин кароо боюнча сунуштарды даярдап киргизүү тапшырмасы берилди.
Ошондой эле көтөрүлгөн маселелердин ар бири боюнча жооптуу мекемелер аныкталып, алардын аткарылышын көзөмөлдөө күчөтүлөрү белгиленди.