05 декабрь 2024

Кароолор: 20

Фермерлер жана дыйкандар үчүн мүмкүнчүлүк – 2% үстөк менен жеңилдетилген кредит

Нарын облусундагы «Тенир Тоо» өнүктүрүү фондунун колдоосу менен социалдык-экономикалык долбоорлор ишке ашырылат. Анда 2% үстөк менен 10 жылдык мөөнөткө насыя алуу менен ишкерлик кылууга жана ишкерлигин өркүндөтүүгө фермер, дыйкандар үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдү. Облус жетекчилиги тарабынан ар бир районундун тургундары менен  жолугушуулар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Аталган фондунун талаптарына ылайык балык, эт, сүт, карагат, бал, чычырканак, сафлор жана тоют багыттарына артыкчылык берилет.   

Бүгүн, 5-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун  басары Адыл Сапаров Нарын жана Ат-Башы райондорунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Агробизнести  жакшыртууга жана кирешени арттырууга мүмкүнчүлүк берген жаңы кредиттик программаны сунуштап,  суроолорго жооп берди.

Жолугушуунун катышуучулары аталган программаны облустун айыл чарбасына көрсөткөн чоң колдоо деп атап, бул жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын жана бизнесин кеңейтип, продукциянын сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөөрүн белгилешти.

 Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен түзүлгөн «Тенир Тоо» өнүктүрүү фонду айыл чарба секторунун туруктуу өсүүсүн стимулдаштыруу максатын көздөйт.  Бул болсо фермерлерге менен дыйкандарга өндүрүштү жакшыртууга, ишканаларын заманбап технологиялар менен жабдууга шарт түзөт.