25 декабрь 2025

Кароолор: 62

ХИМИЯ ЖАНА БИОЛОГИЯ МУГАЛИМДЕРИНИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ БОЮНЧА КУРСТАР ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

Облус башчысынын тапшырмасына ылайык, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине караштуу Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борбору тарабынан 2025-жылдын ноябрь–декабрь айларында химия предмети боюнча мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу курсу уюштурулуп, ийгиликтүү өткөрүлдү. Ага ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Айдана Иманалиева катышты.

Курста жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенип жаткан мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, заманбап окутуу ыкмаларын өздөштүрүү жана мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптары менен терең тааныштырылды. Ошондой эле дарыгер болууга багыт алган окуучуларды кошумча даярдоого байланышкан программалар окутулду.

Аталган курстарга Нарын облусунун бардык райондорунан 158 химия жана 184 биология мугалими катышып, теориялык жана практикалык билимин кеңейтишти. Мындан тышкары, окуу жылынын башынан бери облус аймагында 1200 мугалим ЖРТга карата санариптик окутуу боюнча окуулардан өтүп, тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.