16 февраль 2025
Кароолор: 32
ХОККЕЙ ОЮНУ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК АЧЫК МЕЛДЕШТИН ФИНАЛДЫК ОЮНУ АЯКТАДЫ: ЖЕҢҮҮЧҮГӨ 100 000 СОМ АКЧАЛАЙ СЫЙЛЫК ТАПШЫРЫЛДЫ

Бүгүн, 2025-жылдын 16-февралында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн хоккей оюну боюнча өтмө кубогунун финалдык беттеши өтүп, жеңүүчүсү аныкталды. Мелдеш кызыктуу таймаштар жана жогорку деңгээлдеги атаандаштыкты жараткан спорттук учурлар менен коштолду.
Турнирге катышкан 8 командадан суурулуп чыккан “Кыргыз темир жолу” (Бишкек шаары) командасы менен “Нарын шумкарлары” (Нарын шаары) командасы финалга чыгып, бүйүр кызыткан беттеште 3:1 эсебинде Нарын шаарынын командасы утуп чыкты.
Мелдештин сыйлоо аземинде КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов командаларга мыкты оюн көрсөткөндүгү үчүн жана машыктыруучуларга, калыстарга, жалпы уюштуруу ишин алып барган кызматкерлерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле хоккей оюнун өнүктүрүү максатында облус башчысынын Өтмө Кубогу жыл сайын өткөрүлө тургандыгын маалымдап жеңүүчүлөргө медаль, диплом жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.
1-орунду камсыз кылган Нарын шумкарларына (Нарын шаары) 100 миң сом,
2-орун – Кыргыз темир жолуна (Бишкек шаары) 60 миң сом,
3-орун – Жумгал-Шортонго (Жумгал району) 40 миң сом,
4-орун – Ардагер шумкарларга (Нарын шаары) 20 миң сом тапшырылды.
Мындан тышкары, өзгөчө жетишкендиктери үчүн 5 номинация боюнча сыйлыктар тапшырылды:
- Эң мыкты дарбазачы –Урматбек Турсунбеков ( Нарын шумкарлары);
- Эң мыкты оюнчу – Адилет Альчикенов (Жумгал-Шортон);
- Эң мыкты бомбардир – Эдил Өмүрбеков (Кыргыз темир жолу);
- Эң мыкты чабуулчу – Турсунбек Урматов (Ардагер шумкарлар);
- Эң мыкты калыс – Ынтымак Абдыкалыков татыктуу деп табылды.
Мелдеш 15-16-февраль күндөрү Нарын шаарындагы Т.Токтосунов атындагы муз аянтында өттү.