15 август 2025

Кароолор: 15

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛЫНЫН КОҢУР-ДӨБӨ ЖАЙЛООСУ АРКЫЛУУ КАПЧЫГАЙГА ТҮШӨ ТУРУУЧУ АЛЬТЕРНАТИВДҮҮ ЖОЛ КАТТАМЫНА МҮМКҮНЧҮЛҮК ТҮЗҮЛҮҮДӨ

Нарын – Орук-Там унаа жолунун 39-чакырымында жайгашкан “Куюш” көпүрөсү толугу менен жараксыз абалга келип, жол каттамы убактылуу токтотулду.

№8 Жол тейлөө мекемеси, Чет-Нура айыл өкмөтү жана жергиликтүү тургундардын колдоосу менен альтернативдүү жол салуу үчүн Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ийри-Суу айылынын Коңур-Дөбө жайлоосу аркылуу Капчыгайга түшө турган убактылуу жол жазоо жүрүүдө.

Учурда 1 даана автогрейдер, 2 жүк жүктөгүч (погрузчик) жана 2 ХОВО унаасы иштөөдө. Жол жазоого №8 ЖТМ, жергиликтүү тургандар, Чет-Нура айыл өкмөтү жана "Үч-Нура" муниципалдык ишканасы тарабынан күйүүчү майы каржыланып аткарылууда.

Аткарылып жаткан иштерди жеринде район акими Н.Мадимаров жеринен көрүп, жол куруу иштерин ыкчам жана жарандарга коопсуз жол каттам ачып берүү боюнча жеринде бир катар тапшырмаларды берди.

Бул жолду убактылуу жазоо менен Эки-Нарын, Тамды-Суу жана Орук-Там айылынын жашоочуларына каттам ачып берүү болуп эсептелет.

❗️❗️❗️Район акиминин буйругу менен жол кыймылына чектөө коюлган.

Жол каттамы таңкы саат 07:00 дон кечки саат 19:00 чейин жүргүзүлөт.