04 декабрь 2024

Кароолор: 19

Илимий изилдөөлөр колдоого алынат

Бүгүн, 3-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл  Сапаровдун катышуусунда илимий техникалык кеӊештин отуруму өттү.

Отурумга С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окутуучулары жана КРП ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жооптуу кызматкерлери катышты. 

Анда төмөндөгү темалар боюнча маалымат берилип, талкуу жүрдү.

  1. «Аймактын жашыл экономика принциптеринде өнүгүүсү: өзгөчөлүктөрү,көйгөйлөрү жана келечеги»;
  2. «Нарын облусунун жер кыртышынын маалыматтык системасын өнүктүрүү жана жер пайдалануучуларды органикалык дыйканчылыкка практикалык окутуу»;
  3.  «Айыл аймактарын өнүктүрүү региондук өнүгүүнүн жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жаңылануунун фактору катары (Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун мисалында»;
  4. «Жалпы билим берүүчү мектептерде окуучулардын математикалык сабаттуулугун жогорулатууда педагогикалык процесстерди калыптандыруу».

Илимий изилдөөлөрдүн  максаты жана милдеттери белгиленип, жашыл экономиканын өнүгүүсү, күн энергиясын иштетүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, аймакты экологиялык жактан таза энергия менен камсыз кылып, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга, көмүртек чыгарылышын азайтууга жана жергиликтүү экономикага туруктуу өсүш алып келиши каралды.  Мындан тышкары, айыл аймактарды өнүктүрүү проблемаларын чечүүгө муктаждык, административдик аймактык реформа жүргүзүлүшү, айыл аймактардын социалдык – экономикалык өнүгүсүндө концептуалдык негиздемесин жана практикалык сунуштарды иштеп чыгуу, Нарын облусунун айыл аймактарынын потенциалын баалоо, билим берүү мекемелериндеги сапат жана мониторинг, жайыт, жан-жаныбарлардын саламаттыгы, облустагы  топурактын сапаты жана башкалар боюнча презентация болду. 

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары А.Сапаров облустун социалдык-экономикалык багыттарын айтып, илимий негиздемер облустун өнүгүүсүнө маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле, мындан аркы илимий изилдөөлөргө керектүү каражат берилерин маалымдады.