02 сентябрь 2025

Кароолор: 13

ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн, 2-сентябрда Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана региондук долбоорлорду колдоого арналган иш-чара болуп өттү.

Ага облус башчысы Нурбек Сатаров, биринчи орун басар Руслан Сапарбеков, Нарын облусундагы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, эл аралык өнүктүрүү фонддору, өнөктөштөр, инвестициялык, экспорттук агенттиктер, лизингдик компаниялар жана бизнес-ассоциациялар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын облусундагы инвестициялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү, Улуттук инвестициялар агенттиги менен жергиликтүү ишкерлердин кызматташуусун кеңейтүү, региондук инвестициялык инфраструктураны жакшыртуу, инвестицияларды тартуудагы тоскоолдуктарды жоюу, мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк негизиндеги долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланып, адистер өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, кеңештерин беришти.

Мындан тышкары, катышуучуларга Нарын облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана региондун экспорттук потенциалы тууралуу маалыматтар айтылды.