10 март 2026

Кароолор: 11

ИНВЕСТОРЛОР МЕНЕН ТУРИЗМ ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Ыйгарым укуктуу өкүл 10-март күнү облустун аймагында инвестиция тартуу, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, туризм жана кайра иштетүү тармактары боюнча инвесторлор менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба, мал чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу, жергиликтүү чийки затты натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле туризм тармагын өнүктүрүү маселелери талкууланды.