27 январь 2024

Кароолор: 358

Ишкердик субьекттерге текшерүү жүргүзүүгө Президенттин Жарлыгы менен убактылуу тыюу салынды

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы 1 сандуу “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, ишкердик субъекти тарабынан мыйзамдарды бузган конкреттүү фактылар аныкталган учурда документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча жүзөгө ашырылуучу текшерүүлөрдү кошпогондо, 2024-жылдын 31-декабрына чейин укук коргоо жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүлөргө тыюу салынган.

Ушуга байланыштуу Нарын облусунун прокуратура органдары тарабынан Жарлыкта көрсөтүлгөн талаптарды жетекчиликке алуу менен укук коргоо, салык жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жургүзүлүүчү текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө көзөмөл күчөтүлүүдө.

Ал эми укук коргоо жана салык кызматы тарабынан жүргүзүлүүчү ар бир текшерүү "Ишкердиктин субъектилерин текшерүүлөрдү каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасында катталат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын так жана кынтыксыз аткаруу бардык укук коргоо, салык жана ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдарынан талап кылынат жана аталган чөйрөдө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча күнөөлүү кызмат адамдар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылаары эскертилет.

Эгерде жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүнө жогоруда аталган мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамсыз аракеттер орун алган болсо, Нарын облустук прокуратурасынын төмөнкү ишеним телефондору аркылуу байланышса болот (03522) 5-15-63 жана 0555002454.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.