19 декабрь 2023

Кароолор: 299

Ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилди

Ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан жергиликтүү ишкерлерге 6 пайыздык жеңилдетилген насыялар берилди.

Тактап айтканда, “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңеши тарабынан облустун аймагында ишкердик жүргүзгөн “Жыргал” туристтерди тосуучу үй лагерине, “Бай-Төр” эс алуу борборуна, “Ангус” пародасындагы эт багытындагы уйларды өстүрүүгө, сүт багытындагы уйларды сатып алып, чийки сүттүн көлөмүн жогорулатууга, ак мрамор (доломит) ташын кайра иштетүүчү заводго кошумча техникаларды сатып алууга долбоорлор жактырылып, жалпы суммасы 36 миллион 778 миң сомдук каржылоо болду. Насыялар “Керемет” банкы аркылуу жүргүзүлдү.

Бүгүн, 19-декабрда облус жетекчиси Алтынбек Эргешов каражаттардын сертификаттарын тапшырып, ишкерлерге ийгилик каалады.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.