03 июль 2025

Кароолор: 22

КАДРДЫК ДАЙЫНДООЛОР

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин 2025-жылдын 2-июлундагы №406 жана №408 тескемелерине ылайык Сапарбеков Руслан Жайлообекович  Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарыжана Иманалиева Айдана Керимбековна  Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызмат ордуна дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Контролдоо бөлүмүнүн башчысы Казыбек Молдажиев жана чечимдерин даярдоо башкармалыгынын уюштуруу иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн региондорду өнүктүрүү секторунун башчысы Уланбек Далиев жаңы дайындалган жетекчилерди облустук мекеме жетекчилерине жана жамаатка расмий тааныштырды.

Облус башчысы Нурбек Сатаров орун басарларын куттуктап иштерине ийгилик каалады. Ал эми орун басары болуп эмгектенип келген Шабдан Абдырайым уулунун социалдык секторду башкарып кыска аралыкта алгылыктуу ийгиликтерге жетишкенин белгиледи. Ошондой эле биринчи орун басар кызматында эмгектенип келген Адыл Сапаровдун мамлекеттик кызматта көп жылдык эмгегин баса белгилеп, реалдуу секторду алып барууда, ошондой эле пилоттук долбоорлорду иштеп чыгууда башында туруп, ишке ашырууда зор эмгектерди жумшагандыгын белгилеп кийинки кызматында ийгиликтерди каалады.