25 сентябрь 2025

Кароолор: 14

КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУНУН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 25-сентябрда Нарын шаарынын Шаарча (Городок) аймагына облус башчысы Нурбек Сатаровдун катышуусунда Калкты тейлөө борборунун курулушуна расмий түрдө старт берилди. Салтанаттуу иш-чарада мезгил кутусу салынды.

Жаңы борбор демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулуп, үч кабаттан турат. Анда мамлекеттик жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүчү мекемелер бирдиктүү форматта иш алып барат. Бул болсо облус тургундарына бардык керектүү кызматтарды бир жерден алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, убакытты үнөмдөөгө жана ыңгайлуулукту камсыз кылууга шарт түзөт.

Облус башчысы өз сөзүндө курулуш долбоору калктын жашоо-турмушун жеңилдетүү, мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү жана сапаттуу кылуу үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле демөөрчүлөргө жана курулушка салым кошкон тараптарга ыраазычылык билдирди.