26 июль 2025

Кароолор: 11

КАЛКТЫН МАДАНИЙ ЖАКТАН ЭС АЛУУСУН УЮШТУРУУ ИШТЕРИ УЛАНЫП ЖАТАТ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыгынын алкагында ыйгарым укуктуу өкүл Нурбек Сатаровдун тапшырмасы менен Нарын облусунун аймагында калкка концерт коюу, кино тасмаларды көрсөтүү боюнча маданий иш чаралар уланууда.

Бул жолкусунда Ак-Талаа районунун Соң-Көл жайлоосунда “Манас, маданият жана туризм” фестивалы өтүп жайлоодогу малчыларга “Жол” кинотасмасы коюлду. Ошондой эле, Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында, Нарын районунун Таш-Башат, Кеңеш айылдарында райондук маданият үйлөрүнүн кызматкерлери тарабынан концерттик программалар тартууланды.

Ал эми Кочкор районунда Чолпон айылы менен Кум-Дөбө айылдарындагы таланттуулардын ортосунда кыз-жигит “Сармерден” оюн-зоок маданий иш чарасы уюштурулду.

Мындай саамалыктар жыл аягына чейин бардык айыл аймактарда өткөрүлмөкчү.