26 август 2025
Кароолор: 10
КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨЛӨМҮНҮН СЕРТИФИКАТТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

Бүгүн, 26-августа ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Руслан Сапарбековдун катышуусунда Камсыздандыруу уюмунун Нарын филиалы тарабынан ОСАГО жана турак жай камсыздандыруусу боюнча төлөмдөрдүн сертификаттары тапшырылды.
Иш-чаранын алкагында унаасын милдеттүү камсыздандыруудан өткөргөн бир жаранга жана турак жайларын камсыздандырган төрт жаранга тиешелүү акча каражаттары берилди.
Биринчи орун басар өз сөзүндө бул кадам жарандардын кызыкчылыгын коргоого, камсыздандыруу системасына болгон ишенимди арттырууга жана калк арасында камсыздандыруунун маанисин жогорулатууга кызмат кыларын белгиледи.