10 июль 2025
Кароолор: 5
КАРА-КЕЧЕДЕ КҮЗ-КЫШ МЕЗГИЛИНЕ ДАЯРДЫК КӨРҮҮ МАКСАТЫНДА ОБЛУСТУК ШТАБ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, Президенттин Нарындагы өкүлүнүн 1-орун басары Руслан Сапарбековдун катышуусунда Нарын облусунун экономика тармагын жана калкын 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жана контролдоо максатында Кара-Кече көмүр кесиминде облустук штабдын жыйыны болуп өттү.
Жыйынга облустук штабдын мүчөлөрү, тиешелүү облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрация менен айыл өкмөт башчылары жана көмүр ишканаларынын жетекчилери катышышты.
Жыйында отун-энергетикалык комплекстердин отканаларын оңдоп-түздөө жумуштарын тез арада сапаттуу жана толук кандуу бүткөрүү, бюджеттик мекемелерди жана калкты толук кандуу көмүр отуну менен камсыздоо боюнча тапшырмалар берилип, аткарылышына тыкыр көзөмөл болоору 1-орун басар тарабынан эскертилди.